КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы
2021-жылдын 13-марты № 3
Жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат жана 2021-жылга жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө.
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2020-жылдын 12 айына бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2021-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндөгү Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жайыт комитетинин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 460,0 миң сом, анын ичинен ижара акысы 400,0 миң сом, жер салыгы 60,0 миң сом болуп, ал эми чыгаша бөлүгү 460,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндө гүдөй кирешелерден ;
Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан;
- ири мүйүздүү малга – айына3 0 сомдон х 5 айга = 150сомдон,
- торпокторго - айына 15 сомдон х 5 айга = 75 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой, эчкилерге) – айына 6сомдон х 5 айга = 30сомдон,
- жылкыга- айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу ижара акысынан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 60сомдонх 5 айга = 300 сомдон,
- торпокторго - айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 12 сомдон х 5 айга = 60 сомдон,
- жылкыга – айына 60сомдон х 5 айга = 300 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысынан,
- 1 га жераянтына 1 жылга - 1000 сом,
- бал челекке – 30сомдон,
- жайытка, чөпорокко 1 га жер аянтына - 400 сом.
Айыл өкмөтунүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу ижара акысынан ;
- 1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жараты лышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары : |
Р. Жалалдинов |