Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы
2021-жылдын 13-марты № 4
Жеке агрономдордун кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Динбаев Алмаздын Кара-Суу районунда 2021-жылдын 1-февралында жеке агрономдордун катышуусунда өткөн жыйындын № 1 протоколунун негизинде аймактагы бак-дарактарды бутоо, эгиндердин зыянкечтерине, ооруларына каршы дарылоо иштеринде кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акысынын өлчөмүн бектип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин сунушу жактырылсын жана дыйкандарга кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акыларынын суммасы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- көп жылдык бак-дарактарды дарылоо - 1 га – 3000 (үч миң) сом;
- эгиндерди дарылоо - 1 га - 2000 (эки миң) сом;
- дарактарды бутоо - көлөмүнө жараша - 30-150 сомго чейин;
2. Кызыккан тараптарга токтомдон көчүрмө берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары : |
Р. Жалалдинов |