КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы
2021-жылдын 13-марты № 5
Мөнөк айылындагы бош көчөлөрдүн Бирине наам ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Мөнөк айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-мартындагы жалпы элдик чогулушунун протоколун карап чыгып, кызуу талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдын ча башкаруу жөнүндөгү” 101 санду мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 Мыйзамына ылайык сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мънък айылынын 2021-жылдын 11-мартындагы жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин жана борбордук көчөгө (Аэропортко кеткен жол) согуштун жана эмгектин ардагери Мусаев Кыргызбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мусаев Кыргызбай атындагы көчөнүн чекаралары айылдын түштүк жагынан Мөнөк айылына кире бериштен (Мөнөк айылы деген аркадан) башталып, чыгыш жактан Кызыл-Мээнет айылынын чекарасына чейин белгиленсин.
3. Аталган көчөнүн иш кагаздарын даярдоо, тиешел\\ мамлекеттик органдан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары : |
Р. Жалалдинов |