Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 39
Кызыл-Токой айылындагы чыгармачылык үйүнүн, бий ийримине катышкан кыздарга улуттук кийим тиктирүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук чыгармачылык үйүнүн Кызыл-Токой айылындагы Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги бий ийриминин филиалында тарбияланып жаткан 18 (он сегиз) кызга улуттук кийим тиктирүү боюнча бий ийриминин окутуучусу К.Аликееванын кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылындагы бийи ийриминин филиалында тарбияланып жаткан 18 (он сегиз) кызга улуттук кийим тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 38 000 (отуз сегиз миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |