ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 41
Кызыл-Токой айылындагы касапканага эт бөлүүчү араа алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан касап- канага эт бөлүүчү араа алуу боюнча, Рысдөөлөт Абдырахмановдун кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылында жайгашкан касапканага эт бөлүүчү араа алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 (отуз миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |