Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 42

Кызыл-Токой айылындагы  китепканага  адабий жана жомок китептерди алууга акча  каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылдык китепкана башчысы Д.Пайыскулованын  китепканада окурмандардын саны көбөйгөндүгүнө  жана замандын талабына ылайык, адабий китептерди, кенже курактагы окуучулар үчүн жомок китептерди алуу жөнүндөгү кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепканага адабий жана жомок китептерди алып берүү  үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен  35 390  (отуз беш миң үч жүз токсон) сом акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБнүн башчысы  Т.Т.Сувановага   милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.