Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 45

Терек-Сай  айыл аймагында жашаган  жарандарга   материалдык жардам көрсөтүү  жөнүндө

 

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Болуш айылынын тургундары  Ж.Баймырзаева жана Ж.Боркоеванын турмуш шарты оордугуна жана ден соолуктарына байланыштуу акча каражаты жагынан көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп  жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  Болуш айылынын тургундары  Жамила Баймырзаева учурда тез арада бутун көрсөтүү үчүн 20 000 (жыйырма) миң сом, Жээнбүбү Боркоева врач – маммологко көрүнүү үчүн 20 000 (жыйырма) миң сом, жалпы суммасы    40 000 (кырк) миң сом акча каражаты материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен  бөлүнүп  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБнүн башчысы  Т.Т.Сувановага   милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.  Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.