ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 50
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда 21-март – Нооруз майрамын жогорку денгээлде өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда 21-март – Нооруз майрамын жогорку денгээлде өткөрүү максатында Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда 21-март – Нооруз майрамын жогорку денгээлде өткөрүү максатында жалан улуттук оюндарды уюштурууга Терек-Сай жана Ак-Терек айылдарына 80 000 (сексен мин ) сом, Кызыл-Токой айылына 50 000 (элүү мин) срм жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |