ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 53
Терек-Сай маданият үйүнө майрам күндөргө карата форма тиктирүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай маданият үйүнө майрам күндөрү пайдалануу максатында форма тиктирүүгө зарылдыгы жөнүндөгү маданият үйүнүн жетекчиси К.Токонованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Терек-Сай маданият үйүнө майрам күндөргө карата форма тиктирүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 43 000( кырк үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |