Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

1.03.2022-жыл № 56

Кызыл-Токой айылындагы таза суу маселесин чечүү боюнча керектүү буюмдарды алып берүү  жана жарыктандыруу боюнча  акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары  Чынара Ботобекованын таза суу киргизүүгө шланга алып берүү  жөнүндөгү  жана  Бакай Конокбаевдин  жарыктандыруу боюнча электр чубалгыларын тартуу жөнүндөгү кайрылууларын угуп  жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Чынара Ботобековага  таза суу киргизүүгө шланга  сатып алуусу үчүн  45 000 (кырк беш мин) сом акча каражаты  бөлүнүп берилсин, техника жагынан көмөк көрсөтүү жана Бакай Конокбаевге жарыктандыруу киргизүү үчүн 120 000 (бир жүз жыйырма мин) сом акча  каражаты бөлүнүп  берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.