Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 57
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-1, 2 көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-1, 2 көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн Терек-Сай айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Школьная-1, 2 көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен жеке ишкер Омошов Султанга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |