ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 58
Терек-Сай айыл аймагынын кызматтык автоунаасын жана погрузчикти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын кызматтык автоунаасын жана погрузчикти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Терек-Сай айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын кызматтык автоунаасын жана погрузчикти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен “Арген-Альянс” ЖЧК на бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |