Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

1.03.2022-жыл № 61

Кызыл-Токой айылына жана Болуш айылына жол жээктерин ондоо  жумуштарына акча каражатын бөлүп  берүү   жөнүндө

 

Терек-Сай  айыл аймагына  караштуу Кызыл-Токой айылынын  тургуну Д.Нарматовдун  жана Болуш айылынын тургуну  А.Сеитовдун жол жээктериндеги аккан суулар жол жээктерин оюп, техника айдоочуларга жана  тургундарга ынгайсыздыктарды жараткандыктан, ынгайлуу жерлерге диаметри 219см  болгон  12 м. шланга жаткыруу зарылдыгы  жөнүндөгү кайрылууларын угуп  жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  Терек-Сай  айыл аймагына  караштуу Болуш айылына  жол жээгине  жаткырууга 6метрлик диаметри 219см болгон шланга жаткыруу үчун жана Кызыл-Токой айылынын жол жээгине  дагы жогоркудай өлчөмдөгү шланга  үчүн керектүү акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБнүн башчысы  Т.Т.Сувановага   милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.  Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.