Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 62
Сумсар айыл өкмөтүнүн финансылык муктаждыктарына колдоо көрсөтүү жөнүндө
Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ботобековдун финансылык муктаждыктарга колдоо көрсөтүү максатында 2000 000 сом акча каржатын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетинен максаттуу трансферт катары бөлүп зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаткал районуна караштуу Сумсар айыл өкмөтүнүн финансылык муктаждыктарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик Кодексинин 78-статьясынын 5-пунктуна жана 95-статьясынын 3,4пункттарына ылайык Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетинен максаттуу трансферт катары 2000 000 ( эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |