Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 65
Кызыл-Токой айылындагы көпүрөлөрдү ондоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Токой айылындагы эскилиги жетип калган көпүрөлөрдү ондоп түзөө үчүн курулуш материалдарын алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл башчы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылындагы эскилиги жетип калган көпүрөлөрдү ондоп түзөө үчүн курулуш материалдарын алууга 129 750 ( бир жүз жыйырма тогуз мин жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |