Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 66
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш -шарты оор, ден-соолугуна байланыштуу жардам сураган жарандарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев көчөсүн тургуну Нуралиева Алтынайдын, Болуш айылынын тургуну Жаркулова Аселдин, Тургунбаев Элмирбектин, Центральная көчөсүнүн тургуну Казакбаева Уулкандын, Ынтымак көчөсүнүн тургуну Шердаков Шекербектин, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Таштанбекова Гулжамалдын, Кызыл-Токой айылынын тургундары Сманова Сарагулдун уулу Кубат уулу Жакшылыктын , Аширбекова Гулназдын кайрылууларын окуп жана талкуулап, материалдык жардам көрсөтүү максатында, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев көчөсүн тургуну Нуралиева Алтынайдын турмуш шартына байланыштуу 40 000 (кырк мин) сом, Болуш айылынын тургуну Жаркулова Аселдин турмуш шартына байланыштуу 35 000(отуз беш мин) сом, Тургунбаев Элмирбекке турмуш шартына байланыштуу 9 000 (тогуз мин) сом, Центральная көчөсүнүн тургуну Казакбаева Уулкандын ден соолугуна байланыштуу 20 000( жыйырма мин), Ынтымак көчөсүнүн тургуну Шердаков Шекербектин ден соолугуна байланыштуу 30 мин (отуз мин) сом жана коляска алууга 70 000 (жетимиш мин) сом, , Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Таштанбекова Гулжамалдын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу 30 000 (отуз мин) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары Сманова Сарагулдун уулу Кубат уулу Жакшылыктын киста менен ооругандыгына байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом, , Аширбекова Гулназдын уулуна ДМЧ Анарбек уулу Бекмуратка коляска алып берүүгө 70 000 (жетимиш мин) сом акча каражаттары материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |