Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 67
Ош шаарында өтүүчү Түштүк лига боюнча спорттук мелдешке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Болуш айылындагы спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун 23-25март күндөрү Ош шаарында өтүүчү Түштүк лигасына катышууга барып келүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 23-25март күндөрү Ош шаарында өтүүчү Түштүк лигасына катышууга барып келүүгө 26 000 (жыйырма алты мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |