Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 68
Рудничная көчөсүндөгү реконструкция болуп жаткан машыгуу залын кенейтүү жана спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын жаштарынын Рудничная көчөсүндөгү реконструкция болуп жаткан машыгуу залынын имараты кичине болуп жаткандыктан, ремонт иштери бүтө электе кенейтүү зарылдыгы жана спорттук инвентарларды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылынын жаштарынын өтүнүчү боюнча Рудничная көчөсүндөгү реконструкция болуп жаткан машыгуу залын кенейтүү зарылдыгы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин жана машыгуу залы реконструкция болуп бүткөндөн кийин спорттук инвентарларды алып берүү жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жана жер адиси И. Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |