Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 70
Болуш айылына үстү жабык тепкич куруу жөнүндө
Болуш айылынын тургундарынын мечит тараптан чон жолго чыгуучу жалгыз аяк жол айыл тургундарына жамгыр, кар жааган мезгилдерде тайгалак болуп, ынгайсыздык жараткандыктан, мечиттин жанынан ылдый каратып, үстү жабылган тепкич курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Болуш айылынын тургундарынын мечит тараптан чон жолго чыгуучу жалгыз аяк жол айыл тургундарына жамгыр, кар жааган мезгилдерде тайгалак болуп, ынгайсыздык жараткандыктан, мечиттин жанынан ылдый каратып, үстү жабылган тепкич курууга 300 510 (үч жүз мин беш жүз он) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |