Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 73
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин тоо тарабын тосмолоо жана мектептин территориясына автоунаа кириш үчүн дарбаза орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Шералиеванын мектептин тоо тарабындагы сеткалары эскирип кеткендиктен, жаны сетка менен тосмолоо жана мектептин территориясына автоунаа кириш үчүн эки дарбаза орнотуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин тоо тарабындагы сеткалар эскирип кеткендиктен, жаны сетка менен тосмолоого жана мектептин территориясына автоунаа кириш үчүн эки дарбаза орнотууга 212 350 ( эки жүз он эки мин үч жүз элүү) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |