Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 74
Терек-Сай айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар мезгилинде (сел кетүү, суу ташкыны, көчкү жүрүү ж.б.)кокустуктардын алдын алуу максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар мезгилинде (сел кетүү, суу ташкыны, көчкү жүрүү ж.б.) ар кандай кокустуктардын алдын алуу максатында акча каражатын бөлүштүрүп коюу зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Терек-Сай айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар мезгилинде (сел кетүү, суу ташкыны, көчкү жүрүү ж.б.) ар кандай кокустуктардын алдын алуу максатында акча каражатын бөлүштүрүп коюу зарылдыгы байланыштуу 400 000 ( төрт жүз мин ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |