Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 76
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жолдордун жамгыр жаап, оюлуп, бузулуп кеткендигине байланыштуу тегиздөө, сүрдүрүү иштерин жасоого акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жолдордун узак мезгилдүү жааган жамгырдан оюлуп, бузулуп кеткендигинен техника айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ынгайсыздык жараткандыктан жолдорду сүрүп, шагыл таштатуу, сүрдүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыган байланыштуу акча каражатын бөлүү зарылдыгына байланыштуу Терек-Сай айыл башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узак мезгилдүү жааган жамгырдан улам Терек-Сай айыл аймагына караштуу жолдордун бузулуп, оюлуп кеткендигинен шагыл таштатып, сүрдүрүп, тегиздөө иштерин жүргүзүүгө 550 000 (беш жүз элүү мин) сом сом акча каражаты бюджеттен берилсин.
2.. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |