Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
22.03.2022-жыл № 77
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 221 бересине 256,0 миң сом, 272 беренесине 334,0 миң сом, 222 беренесине 430,3 миң сом 311 беренесине 135,0 миң сом, 70911 разделинин 311 беренесине 681,6 миң сом, 70921 разделинин 311 беренесине 541,9 миң сом, баардыгы болуп 2378,8 миң сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |