ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 7/27
Жазы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2023-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2023-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңешинин бюджет,экономика,муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын алып каралып,алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2022-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү -29053,2 миң сомго жана чыгаша бөлүгү – 29053,2 аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 290,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер(эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар(электр энергия,комүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.
6. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен Коммуналдык чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.
7. Бюджеттик мекемелер,чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары белгиленсин.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
9. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |