Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 11- ноябры № 3/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин аткарып жаткан иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий иштери боюнча жетектөөчү адиси К.Маметовдун маалыматын жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин алып барып жаткан иштери айрым кемчилдиктерге жол берилгендигин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди четтетүү, санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоо жагын колго алуу аркылуу окуучуларга берилүүчү тамак-аштын сапатына жана колдонуучу азык-түлүктөрүнүн мөөнөтүнө дайыма көзөмөл жүргүзүп туруу жана бюджетте каралган ар түрдүү чыгымдарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануу жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы : | А.Кадамбаева |