Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 11- ноябры № 3/4

“Ылай-Талаа Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 – “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ылай-Талаа Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 10.11.2021-жылдагы чечиминин негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ылай-Талаа Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- айылда жашаган ар бир кожолук үчүн алардын иштетилген катуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга бир айына 50 сом.

2. Айыл тургундарынын иштетилген катуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга бекитилген тарифтерин жетекчиликке алуу жагы “Ылай-Талаа Тазалык” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы :

 А.Кадамбаева