Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги III сессиясы

2021-жылдын 11- ноябры № 3/7

Ылай-Талаа – Ош, Ылай-Талаа – Кара-Кулжа маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 19.07.2013-жылдагы № 154 “Автомобиль транспорту жөнүндөгү” Мыйзамынын 11/2 – беренесиндеги “Жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер, автомобилдик ташуунун тарифтик саясатынын алкактарында өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилиши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 4 – “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа – Ош, Ылай-Талаа – Кара-Кулжа маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын 10.11.2021-жылдагы чечиминин негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ылай-Талаа – Ош маршруттук каттамы 160 (бир жүз алтымыш) сом, Ылай-Талаа – Кара-Кулжа маршруттук каттамы 30 (отуз ) сом өлчөмүндө тарифтери бекитилсин.

2. Ылай-Талаа – Ош, Ылай-Талаа – Кара-Кулжа маршруттук каттамдарынын тарифтерин жетекчиликке алуу жагы ОсОО “Замир Транс” жана жүргүнчүлөрдү ташып кызмат көрсөткөн жалпы жоопкерчилиги чектелген ишканаларга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы :

 А.Кадамбаева