Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХVII – сессиясынын (алтынчы чакырылышынын)
2021-жылдын 13- февралы № 17/1
Катта-Талдык айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана анын аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата къп жылдык бак-дарактарды бутоо жана анын аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү боюнча жеке агроном Ш.Удановдун маалыматын угуп жана Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндъ түзүлгөн жеке агрономдордун катышуусунда 2021-жылдын 01-февралында өткөрүлгөн жыйындын №1 протоколун карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» №101 мыйзамынын негизинде Катта-Талдык айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. Катта-Талдык айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана анын аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат кърсъткън жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо 3000 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгиндерди дарылоо 2000 сом, көп жылдык бак-дарактарды бутоо жумуштары көлөмүнө жараша 30-150 сом өлчөмүндө бектилсин.
2. Жогорудагы бекитилген көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана аны зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан, фермер жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды берүү айыл өкмөтүндөгү жеке агроном жана айыл өкмөттүн айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын къзъмългъ алуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков. |