Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХVII – сессиясынын (алтынчы чакырылышынын)
2021-жылдын 13- февралы № 17/2
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме, Садырбай, Талдык, Жаны-Турмуш, Кызыл-Ордо аылдарныны тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыктарын чечүү максатында Эшме айылына 1992-жылы жасалган башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылына 1992-жылы жасалган башкы планында көрсөтүлгөн айрым обьектилер айылдын башка жеринде көрсөтүлгөндүгүн эске алып, Эшме, Садырбай, Талдык, Жаны-Турмуш, Кызыл-Ордо айылдарынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында ген планды карап чыгып жана талкуулап, Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эшме айылына 1992-жылы жасалган башкы планда көрсөтүлгөн мектеп, бала бакча, спорт аянтча, жайкы театр жана соода түйүндөрүнүн орду жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Эшме айылына 1992-жылы жасалган башкы планда көрсөтүлгөн мектеп, бала бакча, спорт аянтча, жайкы театр жана соода түйүндөрүнө ажыратылган аянтка жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн 0,08 га жер тилкесинен 0,06 га жер тилкесине өзгөртүлүп берилсин.
3. 35/19 сандуу КНииПС тарабынан түзүлгөн Эшме айылынын башкы планы бектилсин.
4. Токтомду аткарууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Келдибеков А |