Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХVII – сессиясынын (алтынчы чакырылышынын)
2021-жылдын 13- февралы № 17/11
Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жарандарга турак жай салуу үчүн даярдалган ген пландарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак, Ачы, Торгой-Булак, Кара-Сөгөт, Эшме, Садырбай, Талдык, Жаны-Турмуш, Кызыл-Ордо, Кичик айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак жай курууга муктаждыктарын эске алып жана аларды чечүү максатында Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Долоно, Таш-Кыя участкасындагы №137 контурундагы 5,0 га, Ынтымак участкасындагы №124а, №114 контурундагы 20,9 га жер аянттарынын ген планы 0,08 га жер тилкесинен 0,06 га, Ачы айылындагы Торгой-Булак, Сөөк завод участкасындагы №81 контурундагы 5,0 га жер аянтынын ген планы 0,08 га жер тилкесинен 0,05 га , Торгой-Булак участкасындагы №62 контурундагы 6,0 га жер аянтынын ген планы 0,06 га жер тилкесинен 0,05 га, Эшме айылындагы №331 контурундагы 5,10 га, Кызыл-Ордо айылындагы №567 контурундагы 2,0 га жер аянттарынын ген планы 0,08 га жер тилкесинен 0,06 га жер тилкесине өзгөртулүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Келдибеков А |