Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин (VI-чакырылышындагы) кезектеги ХVII- сессиясы
2021-жылдын 13- февралы № 17/13
«CASA-1000» жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомун ишке ашыруу максатында, К.Рнын 2013-жылдын 15-июлундагы «жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү» №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бектилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» убактылуу Жобонун талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл аймагынан өтүүчү «CASA-1000» жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган №149 контурундагы 361м кв кысыр аныз №495, 495, 540, 541, 541, 347, 354, 359, 418, 411, 397 контурларындагы жалпы аянты 6321 чарчы метр кайрак айдоо жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы» жерлер категориясынан «Өнөр жайынан транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жантороевге тапшырылсын.
Төрага | Келдибеков А |