КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин (VI-чакырылышындагы) кезектеги ХVII- сессиясы
2021-жылдын 13- февралы № 17/15
Катта-Талдык айыл аймагынын Ачы айылындагы «төрөт үйүнүн» эски имаратында кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 07-сентябрындагы №01-1/4068 сандуу маалымат катынын негизинде жана Ачы айылынын тургундарынын 2021-жылдын 05-мартындагы жазган кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Ачы айылындагы «төрөт үйүнүн» эски имараты 5 бөлмөсү 3 жана 5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга 3 тайпага ылайыкташтырылып, ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Катта-Талдык айылдык аймагына жана демилгечи топтун лидери Ж.Үрүстөмбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | Келдибеков А |