КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги II – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 18- майы № 2/6
“Айыл аймактын Баш-Булак айылынын тургундарынын жеке үй куруу муктаждыктарын чечүү максатында Баш-Булак айылынын 1994-жылы жасалган башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Катта-Талдык айыл аймагындагы Баш-Булак айылынын 1994-жылы жасалган башкы пландагы көрсөлгөн жер тилкелер кирбей калгандыгынын эске алып, айыл тургундарынын арызын канааттандыруу максатында Катта-Талдык айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айылынын 1994-жылы жасалган башкы пландагы ажыратылган аянтка жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн жер тилкесинен 0,08 га жер тилкесине өзгөртүлүп берилсин.
2. КНииПС тарабынан түзүлгөн Баш-Булак айылынын башкы планы бектилсин.
3. Токтомду аткарууга тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А.Муратов |