Загрузка документа…
КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги V – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 13- июлу № 5/3
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Эркештам автожолунун 43-км тоо лыжа базасын куруу жана жайкы туризм боюнча “Бар-Мел Групп” ЖЧК сынын директору Баш-Булак айылынын тургуну Талканчиев Бакытбек Абдикадировичтин арызын кароо жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Эркештам автожолунун 43-км тоо лыжа базасын куруу жана жайкы туризм боюнча “Бар-Мел Групп” ЖЧК сынын директору Баш-Булак айылынын тургуну Талканчиев Бакытбек Абдикадировичтин арызын карап жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Эркештам автожолунун 43-км тоо лыжа базасын куруу жана жайкы туризм боюнча “Бар-Мел Групп” ЖЧК сынын директору Баш-Булак айылынын тургуну Талканчиев Бакытбек Абдикадировичке 20 (жыйырма) га жайыт жерин 7 (жети) жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Сайдаматовго, жайыт комитетинин төрагасы У.Жолдошовго ижарага берилүүчү жерди жеринде тактап, тийиштүү иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
3. Ижара акысы жылына гектарына 5 000 (беш миң) сомдон жалпысы 100 000 (жүз миң) сом болуп бекитилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы тийиштүү комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.А.Муратов |