Редакцияот 01.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XVII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2021-жылдын 1- июлу № 3

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбек Адиевичке ишенбестик көрсөтүү жөнүндө.

Кыргыз Респбуликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесиинин 4-пунктунун 2-подпунктуна ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 13 депутатынын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 12 депутаттын Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбек Адиевичке ишеним көрсөтпөөгө макулдук берүүсүнүн негизинде Туйбаев Таалайбек Адиевичке ишенбестик (недоверия) көрсөтүлсүн.

2. Ушул токтомдун бир нускасы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.М. Ногоевке карап, чечип берүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну өзүмө калтырам.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Калматов