ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2021-жылдын 29- апрели № 1
“Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) 2020-жылдын 04-августундагы X сессиясынын Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлерин калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жөнүндөгү№6 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ”
Айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарын турак жай куруу учун жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жерлердин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21 жана 2017-жылдын 1-июнундагы №95 токтомдорунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак жай куруу учун айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлер:
№11-24,52га кайрак айдоо
№144-3,88га кайрак айдоо
№148-25,42га кайрак айдоо
№107-0,20га таза жайыт
№108-0,40га таза жайыт
№146-0,20га таза жайыт
№150-1,50га таза жайыт
№140-0,40га таза жайыт
Жалпы 56,52га кайрак айдоо жана жайыт жер
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 56,52га жер аянтын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелуу мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
2. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.А.Калматов |