Редакцияот 29.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2021-жылдын 29- апрели № 2

“Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кызыл-Абад айылынын 1979-жылдын 20-декабрында түзүлгѳн башкы планы азыркы учурга дал келбегендигине байланыштуу ѳзгѳртүүлѳр киргизилген башкы планды бекитүү жѳнүндѳ”

Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кызыл-Абад айылынын 1979-жылдын 20-декабрында түзүлгѳн башкы планындагы турак үйлѳрдүн жайгашуусуна турак үйлѳрдүн азыркы учурдагы жайгашуусу дал келбегендигине байланыштуу,Ош облустук “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын № 01-8/50412/301 корутундусунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Ош облустук “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынын №01-8/50412/301 корутундусунун негизинде Кызыл-Абад айылынын ѳзгѳртүүлѳр киргизилген башкы планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн(Т.Туйбаев).

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А.Мурзаев).

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Калматов