КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/1
Кара-Кулжа айылынын М.Алиев атындагы көчөдө жайгашкан Г.Ибраимова атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын “14” - февраль 2022-жылдагы № 1 “Кара-Кулжа айылынын М.Алиев атындагы көчөдө жайгашкан Г.Ибраимова атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн бекитүү боюнча 21-январь 2022-жылдагы № 13 билдирүү катын карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Г.Ираимова атындагы бала бакчада тарбиялануудагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмү 600 (алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |