Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/4

“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 3- февраль 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2021-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 6.219.930 (алты миллион эки жүз он тогуз миң тогуз жүз отуз) сомго, чыгашасы 6.222.468 (алты миллион эки жүз жыйырма эки миң төрт жүз алтымыш сегиз) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетинин кирешеси 4.336. 166 (төрт миллион үч жүз отуз алты миң бир жүз алтымыш алты) сомго, чыгашасы 5.836.166 (беш миллион сегиз жүз отуз алты миң бир жүз алтымыш алты) сомго бекитилсин.

3. ”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата жалпы 21 штаттык саны боюнча эмгек акыга 3.604.359 ( үч миллион алты жүз төрт миң үч жүз элүү тогуз ) сомго бекитилсин.

4. Ар бир кожолукка калктан чыккан катуу тиричилик калдыктарын калктуу конуштан чыгарып жок кылуу муниципалдык кызматына 2022-жылга карата 60 сом жана мекеме уюмдарга ар кызматкерге 25 сом жана комерциялык багытта квадрат метрине 5 сом, суюктукка 2 сом жыйым өлчөмү белгиленсин.

5. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасына үстүбүздөгү жылдын алты айдын жыйынтыгы менен 1.500.000 сом акча каражатын кайра субцидия бөлүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго милдеттендирилсин.

6. Айыл аймагынан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу, жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнүнө, ал эми мекеме уюмдар үчүн төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 10- июнь күнүнө белгиленсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев