КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/5
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы жана 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 3- февраль 2022-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2021-жыл жыйынтыгы менен кирешеси 773.720 (жети жүз жетимиш үч мин жети жүз жыйырма) сомго, чыгашасы 641.689 (алты жүз кырк бир миң алты жүз сексен тогуз) сомго айрым кемчиликтер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2022-жылга карата кирешеси 1.263.000 (бир миллион эки жүз алтымыш үч миң) сомго жана чыгашасы 1.263.000 (бир миллион эки жүз алтымыш үч миң) сомго бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2022-жылга жайыт пайдалануу акысы бир баш бодого 80 сом, бир баш жылкыга 80 сом жана бир шарттуу баш кой-эчикиге (5 беш кой-эчикиге) 80 сомдон жана башка жактан келген бир баш бодого 160 сом, бир баш жылкыга 160 сом жана бир шарттуу баш кой-эчикиге (5 беш кой-эчикиге) 160 сом бекитилсин.
4. Көк –Жар участкасына малдардын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана малдын санын тактоо үчүн пост уюштурулсун.
5. Жайлоого көчүп кетүү үстүбүздүн жылдын 10-май күнүнө, жайлоодон көчүп келүү үстүбүздүн жылдын 10- сентябрь күнүнө бекитилсин.
6. Жайыт пайдалануу төлөмдөрүнүн 70% кем эмес төлөмүн төгүп, жайытты пайдалануу жагы жайыт пайдалануучуларга эскертилсин.
7. Жайытка келген техника ХОВО нун подьемнигин жасатууга чыгымдалган 160.000 сом акча каражатын А.Ормокеевге өндүрүп берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |