Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/8

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин түзүлүшү, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн абалын караган айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 07- февраль 2022-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин кирешеси 43.856.000 (кырк үч миллион сегиз жүз элүү алты миң) сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).

2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин чыгашасы 43.856.000 (кырк үч миллион сегиз жүз элүү алты миң) сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).

3.Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев