КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 17- февралы № 7/11
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдагы калдык 4.390.108 (төрт миллион үч жүз токсон миң бир жүз сегиз) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин 12 – август 2021-жылдагы № 4 / 5 жана айылдык кеңешинин 23 - ноябрь 2021-жылдагы № 5 / 9 токтомдорун аткарууну камсыздоо максатында Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдагы калдык 4.390.108 (төрт миллион үч жүз токсон мин бир жүз сегиз) сом каражат 2022-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдагы калдык 4.390.108 (төрт миллион үч жүз токсон мин бир жүз сегиз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:-
- 1-Май айылындагы маданыят үйүнүн ПСД жасатуудагы 2021-жылдын карызын төлөөгө 237.600 сом;
- 1-Май айылындагы Жоогазын бала бакчасынын ПСДсын жасатууга 400.000 сом;
- ВУС жана кызматтык автоунаага күйүүчү майга 2021-жылдын карызын төлөөгө 96.438 сом;
- Айыл өкмөтү жылытуу системасын ондоого, КААБ га электр печка сатып алууга 200.000 сом;
- Кара-Кулжа айылынын көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга 150.000 сом;
- 1-Май айылынын көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга 400.000 сом;
- “Белек” чайханасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2021-жылдын карызы 900.000 сом;
- “Достук” эс алуу паркынын ПСД жасатууга 2021-жылдын карызы 39.000 сом;
- Сары-Камыш жана Биймырза айылдарына асбест труба орнотууга 64.000 сом;
- Биймырза балдар бакчасына инвентар сатып алууга 228.000 сом;
- 1-Май айылындагы М. Жангара, Э.Алиев көчөлөрүнө таза-суу түтүгүн тартууга 250.570 сом;
- Сары-Камыш айылынын көчөлөрүнө шагыл токтүрүүгө 88.000 сом;
- Биймырза айылынын Жаны-Чек көчөлөрүнө шагыл токтүрүүгө 100.000 сом;
- Үч жылга чейинки эмгек стажду жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүүгө 150.000 сом;
- Самидинова көчөсүндөгү агын-суу ички арыкты ондоого 200.000 сом;
- Китепкана таш көмүр сатып алууда 2021-жылдын карызын төлөөгө 6.750 сом;
- Маданыят үйү таш көмүр сатып алууда 2021-жылдын карызын төлөөгө 6.750 сом;
- А.Субанов мектебинин мөөрусун ондоого 2021-жылдын карызын төлөөгө 190.000 сом;
- Биймырза айылы ПСД жасатууга 125.500 сом; Сайдилканов мектебин ондоо иштерине 130.000 сом;
- Мектептерге инвентар сатып алуудагы 2021-жылдын карызын төлөөгө 160.000 сом;
- АРИС жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын карызын төлөөгө 37.500 сом;
- 1-Май айылындагы Жаштар өспүрүмдөр залынын терезелерин алмаштырууга – 80,000 сом;
- Сейил бала бакчасынын АКТнын негизинде 2021-жылдын карызын төлөөгө 85.000 сом;
- 1-топтогу майып Аматов Салмоорбекке дарылануусуна 2021-жылдын карызы 50.000 сом;
- 2-топтогу майып дүлөй-дудук А.Алиевге үйүнүн үстүн жабууга карыз 15.000 сом;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: | А.Бөрүбаев |