Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/13

Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин короосуна илимий практикалык аянтча уюштурууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин  “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетту бекитүү жана бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” 3-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин короосуна илимий практикалык аянтча уюштурууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 50.000 (элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев