Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү жетинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2022-жылдын 17- февралы № 7/16

Кара-Кулжа айыл аймагындагы Биймырза айылында жайгашкан Учук учаскасындагы ички каналды каздырып, тазалоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15. 02. 2022-жылдагы № 2-3 / 52 “Учук учаскасында дыйкандарга шарттарды түзүү, ички каналдарды вегетация мезгилине даярдоо, айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, кылкандуу дан эгиндеринин себүү аянттарын кенейтүү, жазгы талаачылык иштерди убагында жүргүзүү жөнүндөгү” сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Биймырза айылында жайгашкан Учук учаскасындагы узундугу 3 (үч) км. ички каналды каздырып, тазалоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 70.000 (жетимиш миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.Бөрүбаев