Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 21-сессиясынын (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 22- октябры № 21/1
2020-жылдагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 20-октябрынан эпидемиологиялык абал курчуп күндөн күнгө оорулуу жарандардын саны өсүп жаткандыктан, ошондой эле жалпы аймактардагы өзгөчө кырдаал режиминде айыл өкмөт кызматкерлери бир кабинетте үчтөн-төрттөн отуруп иштеп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн кеңсесинин жаңы имаратын бүтүрүү үчүн Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселеси Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эпидемиологиялык абал курчуп күндөн күнгө коронавирус оорусу менен ооруган жарандардын саны өсүп жаткандыгына жана жалпы аймактардагы өзгөчө кырдаал режиминде айыл өкмөт кызматкерлери бир кабинетте үчтөн-төрттөн отуруп иштеп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн кеңсесинин жаны имаратын бүтүрүү үчүн Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги чыгаша бөлүгүнүн тармагы 70629, 3111 статьясынан 1991,5 миң (бир миллион тогуз жүз токсон бир миң беш жүз) сом акча каражаты тармагы 70629, 2221 статьясына 100,0 мин (жүз миң) сом “Таза суу-эл байлыгы” муниципалдык ишканасынын кароолканаларын ондоого, тармагы 70111, 3111 статьясына 1741,5 миң (бир миллион жети жүз кырк бир миң беш жүз) сом айыл өкмөтүнүн муниципалдык имаратын (кеңсесин) капиталдык ремонттон өткөрүүгө, 3112 статьясына Ак-Таш айыл өкмөтүнүн имаратына 2 (эки) дааана кондиционер алууга 150,0 миң (жүз элүү миң) сом которуу планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |