Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 22-сессиясынын (жетинчи шайланган)
2020-жылдын 28- декабры № 22/1
Ак-Таш айыл аймагындагы ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Абдурайым Дооранов жана Тай Түмөнов, Ак-Таш айылынын Наби Жапиев атындагы көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Абдурайым Дооранов жана Тай Түмөнов атындагы көчөлөрүнө, Ак-Таш айылынын Наби Жапиев атындагы көчөсүнө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Абдурайым Дооранов жана Тай Түмөнов, Ак-Таш айылынын Наби Жапиев атындагы көчөлөрүнө асфальт төшөө долбооруна айыл өкмөттүн 2021-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 5 502 578 (беш миллион беш жүз эки миң беш жүз жетимиш сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Кадыров |