Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 23-сессиясынын (жетинчи шайланган)
2021-жылдын 6- январы № 23/2
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетин Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2021-жылга карата жалпысы 23 633,5 миң (жыйырма үч миллион алты жүз отуз үч миң беш жүз) сом, анын ичинен атайын эсеп 3 891,2 миң (үч миллион сегиз жүз токсон бир миң эки жүз) сом жана жайыт үчүн 200,0 миң (эки жүз миң) сом эсебинде бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2020-жылдын эсебинен калган 4550,5 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча каражаты сметанын негизинде жумшалсын.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата болжолдуу планы 23 293,8 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата болжолдуу планы 23 821 ,4 миң сомго жеткирүү жагы каралсын.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” № 451 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 21 (жыйырма бир), анын ичинен кенже кызматкерлерге 2 (эки) штат бирдиги бекитилсин жана айыл башчылардын эмгек акысы жетектөөчү адис коэффиценти менен, чинге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилсин.
6. Ак-Таш айылдык кещешинин жооптуу катчысынын жыл ичиндеги эмгек маянасы үчүн 182,5 (жүз сексен эки миң беш жүз) сом каралсын
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |