Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 24-сессиясынын (жетинчи шайланган)

2021-жылдын 4- марты № 24-1

Ак-Таш айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө.

Ак-Таш айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү боюнча жеке агроном Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын “Райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн жеке агрономдордун катышуусунда 2021-жылдын 1-февралында өткөрүлгөн жыйындын № 1 протоколун карап чыгып, талкуулап айыл аймагындагы жеке агрономдорго жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15- июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101- Мыйзымынын негизинде Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Таш айыл аймагында 2021 жылдын талаа иштерине карата көп жылдык бак дарактарды бутоо жана эгин аянтчаларын зыянкечтерге, ооруларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак дарактарды даарылоого 1000 сомдон 2000 сомго чейин, 1,0 га жер аянтындагы эгиндерди даарылоого 800 сомдон 1500 сомго чейин, көп жылдык бак дарактарды бутоо жумуштарына көлөмүнө жараша 50 сомдон 100 сомго чейин өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жогоруда бекитилген көп жылдык бак дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы даарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан, фермерлер жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агроном жана айыл башчыларына тапшырылсын.

3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

 Б.Акимов