Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 24-сессиясынын (жетинчи шайланган)
2021-жылдын 4- марты № 24/3
Ак-Таш айыл аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн тамак-ашы үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагындагы балдар бакчаларынын жетекчилеринин жазган арызынын негизинде мурдагы жылдарда балдар бакчаларында тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн тамак-ашы үчүн бөлүнүп жаткан 8 (сегиз) сомду, тамак-аш продукцияларынын кескин кымбаттап кеткендигине байланыштуу 20 (жыйырма) сомго көтөрүү маселеси сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ар бир бөбөктүн тамак-ашы үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп жаткан 8 (сегиз) сомдун ордуна, тамак-аш продукцияларынын кескин кымбаттап кеткендигине байланыштуу ар бир бөбөктүн тамак-ашы үчүн 20 (жыйырма) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен балдар бакчаларындагы бөбөктөрдүн тамак-ашы үчүн каралган акча каражатын карап, мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |