Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 25-сессиясынын (жетинчи шайланган)
2021-жылдын 22- майы № 25/1
2020-жылда Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун кабыл алуу жөнүндө
2020-жыл ичинде Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуп аны кабыл алуу маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жыл ичинде Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын берген отчету кабыл алынсын жана 2021-жылга койулган план тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынсын.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2020-жылда 25 766,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 21 215,4 миң сомго, киреше бөлүгө чыгаша бөлүгүнөн 4550,5 миң сомго, башкача айтканда бюджет 4 550,5 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылды деп кабыл алынсын.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 4 550,5 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70921 тармагындагы 3111 статьясына каралган 174,0 (жүз жетимиш төрт) миң сом акча каражаты 3112 статьясына которулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Кадыров |